Nazira Djuman

Очень люблю литературу. Первый роман прочитала в 14 лет. Это был «Идиот» Ф. Достоевского. Из зарубежной литературы проводником в мир литературы стал В.Гюго с «Человеком, который смеется». В 8 лет у меня взяли первое интервью на радио. Вопрос, который мне задали помню до сих пор. Уже в детстве поняла, что не могу говорить конвенциональные вещи.


Сказки «Эрдене чаарчыктын жомоктору»

синопсис

Таптакыр жомокко окшобогон — Биринчи жомок

Ар бир сыйкырдуу аңгеме кандай гана кызыктуу же укмуштуу болбосун, сөзсүз “Илгери-илгери…” деген сөздөн, же “Тээ алыскы бир хандыкта, кайсы бир өлкөдө” деп, башталат эмеспи. А биздин аңгемебиз мындайча башталат…

Башка шаарлардагыдай эле, троллейбус жана автобустар, ошондой эле дүкөндөр, музейлер жана мектептер, оорууканалар, милиция бар бир жөнөкөй эле шаарда бир үй-бүлө жашаптыр: атасы, апасы жана кичинекей уулу.

Ал эми уулунун аты Актан экен. Кадимки эле жөнөкөй бала. Анын ата-энеси да жөнөкөй кишилер эле. Актан апасы экөө үйдө олтурушчу. А атасы болсо, бир ишканада иштечү. Атасы кечинде жумуштан келгенде, алар тамактанып, андан кийин чогу телевизор көрүп, түндү күтүшчү.

Кээде ата-энеси театр же киного кеткенде, Актанды чоң энесине калтырып коюшчу. Ал чыдамсыздык менен дем алыш күндөрдү күтчү. Себеби ошол учурда Актан ата-энеси менен шаардык паркка барып эс алчу.

Актандын үй-бүлөсү  шаардагы жаңы түшкөн, заманбап беш кабаттуу үйдө жашайт. Батиринде  баары бар: кнопкаланган мешь, телефон, чоң-чоң эки балкон, ошондой эле видеокөзөмөлдөгүч. Алардын үйүнүн маңдайында так эле ушундай заманбап беш кабаттуу үй жайгашкан.

Актандардын батири — кенен, жарык, үч бөлмөлүү. Бөлмөлөр:  “балдар бөлмөсү”, же “өз бөлмө” деп аталчу. Мисалы: Эгерде Актандын апасы бирөөлөр менен  жекече сүйлөшкүсү келсе, анда “Актан, өз бөлмөңө” же “балдар бөлмөсүнө барчы” деп, өтүнө турган.

Актандын “Өз бөлмөсүндө” өзү теңдүү балдарга ылайыктуу баардык нерселер бар эле. Баса, Актандын жашы канчада экендигин айтпай кеткен турбайбызбы?!  Анын беш жаштан алты жашка карай кетип бараткан чагы эле. Ошондуктан ар качандан бир качан Актандын зарыгып күткөнү туулган күнү эле. Анткени ушул туулган күнүндө ал алты жашка толмок. Ошондо мектепке барам деген кыялы орундалып, “мектепке барасың” деген сөздү укмак, ата-энесинен. Бирок бул жөнүндө кийинчерээк дагы айта кетербиз. Азыр болсо Актандын бөлмөсүнүн эшигин акырын ачып байкап көрөлүчү… Бөлмө бөлмөдөй эле, башкалардан айырмаланбайт, кийим салчу шкаф, стол жана олтургуч, балдар үчүн керебет, дубалда илинип турган кичинекей килем, ар кандай нерселерге толгон тартмалар, бурчта машыгуучу спорт тренажеру, андан башка көзгө уруна турган  деле эч нерсе жок.

Үстөлдүн, тартмалардын үстүндө кооз сүрөттүү китептер жайнайт. Кээде Актан олтуруп алып, ал китептерди кызыгуу менен көрөт, эгерде сөздөрү азыраак болсо, анда окуганга аракет кылат.

Үстөлдүн жанындагы коробкада эмнелер гана жок. Бул жерде көптөгөн ойунчуктар, эскилери да жаңылары да, жеңил жана чоң автоунаалар, тракторлор, трансформер-роботтор, тамгаланган кубиктер, конструктордун деталдары, кытайлык сыя өңдүү коён, топ, сынган чака жана андан башка да майда-чүйдө керексиз буюмдар чогултулган. А, баса! Бул коробкада вагондор менен темир жол да бар. Паровоз темир жолду айланып келип, үн бергенде түтүн булачу, бирок бир жолу ал паровоз сууга түшкөндөн кийин үнү да, түтүнү да чыкпай калган.

Бул ойюнчуктардын баарысы — Актандын апасы, атасы, чоң ата, чоң апалары, таэже, байкелери, дегеле туугандары менен ата-энесинин достору Актандын буга чейинки туулган күндөрүнө белек кылышкан эле. Анткени ар бир туулган күндө алар конокко келишчү эле. Бирок ушул кезге чейин, эмнегедир Актандын өзүнөн эч кимиси бир да жолу “туулган күнүңө кимди чакырасың” деп сурашбаптыр. Туулган күнгө конокторду, албетте ата-энеси чакырчу да. Алар куру кол келмек беле… Белекке таттуу шоколад, ойунчуктарды алып келишчү. Болгондо да балдары жок келишчү. Көрсө алар балдарын Актандын апасынын суроосу боюнча алып келишчү эмес экен. Себеби апасынын айтымына караганда, Актан бир аз оорулуу жана психикасы жука болгондуктан, баарын тез байкап, көңүлүнө жакын алат имиш. Ошондон улам ооруп калуусу толук ыктымал экен. Мектепке чейин башка балдардан четтебесе болбойт экен.

“Жука психика” деген эмне экенин, анан эмне үчүн башка балдардан четте туруш керек экендигин Актан түшүнбөйт, апасынан сурайын десе, өзүңөр билесиңер да, апалардын андай-мындайларга убактысы дээрлик жок.

Бир жолу Актан өз суроосуна жоопту өзүм табам деп, чечти. Өзүнүн китептеринин баарын карап чыкты, тилекке каршы, комикс, жомоктордо жооп жок экен. Тескерисинче, ал китептердеги балдардын баары эч нерседен коркпогон, жолборс жүрөк, башкаларга окшобогон касиети бар, анан калса алардын “психикасынын жукалыгы” жөнүндө такыр эч нерсе жазылбаптыр. Болгону бир гана айнектен жасалган ойунчук бар болчу. Ал Андерсендин жомогундагыдай “ мени бирөө жерге түшүрүп сындырып койсо, эмне болот” деп коркуп жүрчү.

Ошентип Актан изилдөөсүн бүткөн соң, өзүнө бир эксперимент жасамай болду: башын эки жакка тегеретип, буттарын солкулдатып, колдорун эки жакка буруп, колунун манжалары менен үстөлдүн үстүн такылдатып көрдү. Кызык, эч кандай апасы менен дарыгери айтып жаткан психиканын жукалыыгын сезбеди. Ушул “жука психиканын” айынан Актан балдар бакчасынан да, жоро-жолдошторунан да айрылган эмес беле… Апасынын айтымында, бул дартка чалдыкканга чейин, Актан бир аз гана балдар бакчасына барууга үлгүргөн. Ал бала бакчанын аты “Бүлдүркөн” болчу. Актан ушул бакчага баргандан тарта эле, ооруганы басылбады, бир туруп тамагы ооруп калса, бир туруп суук тийип калып жүрдү. Ветрянканы жугузуп алып, бети-башы баары көгала, кичинекей крокодилге окшошуп. Андан кийин эле, апасы Актанды балдар бакчасына таптакыр алып барбай койду.

Бул Актан үчүн абдан кайгылуу жана өкүттүү болду. Себеби Актандын бала бакчадагы кыска, бирок шаңдуу күндөрү: балдар менен күнүгө ойнолгон ар кандай оюндар, окулган кызыктуу китептер, түшкү маалда сыртка чыгып, кубалашып ойногон күндөр, түрдүү майрамдарга карата даярдыктар такыр эсинен кетпей койду. Баарынан да аянычтуусу бул чыныгы достордун жоктугунан, жалгыздыкта калуу эле. Чындыгында Актан,  ушунчалык, бирөө менен достошуп, ойногусу келген.

Балким, ошол себептен Актан өзүнүн туулган күнүн чыдамсыздык менен күткөн, ким билсин Мен алтыга чыктым, демек, мен чоңойдум деген ой кеттиби, айтор? Азыр ал бала бакчадагы наристе эмес, келерки жылы биринчи класстын окуучусу! Портфель, алиппе менен! Мектеп бар болгон жерде – классташтар, балалык достор пайда болот. Муну Актан өз дили менен туйуп турду.

“Мейли, бала бакчага ар кандай балдарды ала албаса да, а бирок мектепке баарын алыш керек, – деп ойлоп жүрдү, бала – Жука психикасы мененби, башка бир нерсе мененби, кыскасы алыш керек”.

Албетте ал келди…

Эрдене чаарчык заманбап көп кабаттуу батирде жашаган Актанга келди деп, ойлоп жатасыңбы? Жоок, мен башканы айтып жатам. Ал Актандын ТУУЛГАН КҮНҮНӨ келди. Эртеби, кечпи ал күн келмек.

Бул күн 28 сентябрь эле.Ал күнү аба ырайы да сонун болуп, күн жаркырап, күз мезгилине карабай жылуу болуп турган. Актан жакшы маанай менен ойгонду. Кыялы орундалды, ал эми чоң бала болду. Алтыга толду!

Көзүн ачып эки жагын карады. Белектер жайнап, жыйылып турду: Көптөгөн чөнтөк сыдырмалуу жаңы спорт кийим, столдо ойноло турган оюн. Айрыкча башка белектерге окшобогон, эң сонун, өзгөчө белек – бул электрондук кол саат болду. Актан акыркы күндөрү ушундай саатты ата-энесинин сатып берүүсүн өтүнүп жүргөн. Бирок алгач эле апасы каршы болуп чыккан. Себеби апалардын көбү бала колуна саат такса, сөзсүз, аны сындырып же жоготуп жиберет, же болбогон бир нерселерге алмаштырып ийет деп, ойлошот. А Актан үчүн бул саат абдан маанилүү экенин, апасы билген жок. Саат бул чоңдордун гана буюму! Бүгүн Актан чоң киши болду, андыктан ага саат сөзсүз керек! Аткан саатты такты. Сааттын темир корпусу күнгө жаркылдап, көгала бетинде эки чийим көрүндү, сааттын минутасы жана секундасы.Актан жүзгө чейин эсептегенди жакшы билет, жүздөн бирге чейин да. Эсеп чыгарганды да жакшы билет, андан башка сааттын ичинде канча минута бар, минутанын ичинде канча секунда бар экенин да билет. Күнүгө үйдө олтуруп, эмнени гана үйрөнбөйсүң!

Туулган күнүнө эч ким келбесе да, баары бир, Актан бүгүн – бактылуу. Ал эми чоңойду. Бул күн Достор жок өткөрүлгөн – эң акыркы ТУУЛГАН КҮН.

Кечинде апасы майрамдык столду даярдап берем, деди. Тартмадан атайлап катып койгон, чоң атыргүл өңдүү дасторконду алып чыкты. Дасторкондун үстүндө, сөзсүз, таттуулар болот. Албетте, күндөгү тамактан башка. Мейли, ар кандай жемиштер менен болсо да…

Апасы өзүн “балдар бөлмөсүнө” жөнөтпөгөнү, Актан үчүн кызыктуу болду. Балким Актандын чоңойгонду дедиби, же бүгүн Туулган күнү деп, тим койдубу… Дегеле апасы анчалык катуу эмес, бирок тартипти сактоого өзгөчө карайт.  А чынында, апалардын баары ушундай?

Баары даяр болуп калды. Дасторкон толуп, жайнап, жайынылып турду: табактар, кашыктар, ачакейлер да ордунда.

  • Жүр эми, балам, дүкөнгө барып келели. Сен жактырган тортту тандап алабыз! – деп, апасы фартукту чечип илип койду.

Бала апасы экөө дүкөнгө жөнөдү. Дүкөндүн үстүндө кызыл түстүү “Минимаркет” деген жазууну, Актан тамгалап окуп алды. Бул дүкөндөн каалагандын баарын тапса болот. Нан азыктарын,  ар түрдүү ойюнчуктарды, мындан сырткары чаң соргучтарды, жада калса мыкты да, кыскасы баардыгы бар. Актан тортту тандаганча (алар аябай көп, ар түрлүү, кооз, таттуу –баарын эле жеп жибергиң келет) жанына Мирлан байке келип калды. Ал байке Актандын апасынын курсташы, институтта чогу окушкан. Мирлан байке абдан шайыр, ак көңүл адам.

  • Демек бүгүн сенин майрамың экен да? – деди, Мирлан байке салтанаттуу үнү менен . Мындай үн менен темир жол бекетинде да иштесе болмок. Мисалы, “Поюз жылып баратат!” деп, кыйкырып. Бирок Мирлан байке башка жерде иштейт. Котормочубу алып беруучубу, айтор Актан анысын так билбейт.

Мирлан байке Актанды жогору көтөрүп:

  • Баатыр! – деди, эркелете.

Актандын апасынын жүрөгү түшүп калды:

  • Актандын башы тегеренип кетет. Тез арада баланы жерге койгун!- деди.
  • Койсоңчу! Актан чоңойгондо жоокер болот! – деди да, Актанды карап –
  • Сен канчадасың? – деп сурады.

Актан жылмайып:

  • Алтыга чыктым!
  • Чурка анда, каалаган оюнчугунду тандап ал! – деди, Мирлан байке бажырая.

Актан чуркап кетти. Мирлан байке апасы экөө сүйлөшүп калды. Актандын апасы оюнчук алып берүүгө  каршы болгонуна карабай, Мирлан байке күлүп койду.

Оюнчук сатылган бөлүм, өзгөчө сезилет. Анда майрамдык маанай жана да бир сыйкырдуу күч бардай. Айрыкча көңүлүң чөгүп турганда кирсең, ажайып оюнчуктарды көрүп, жан дүйнөңдө баары өзгөрөт. Дүкөндүн текчелеринде ар кандай кооз, жылтырак көйнөк кийген куурчактар. Алар Актанды карап жылмайышат. Ал эми араакта абдан жүндүү, түрдүү түстөгү чычкан, мышык, мамалактар да бар. Текченин жогору жагында кубиктер, конструкторлордун түрү, футбол топтору, оюнчук идиш-аяктар, кичинкей унаалар,ымыркайлар үчүн шылдырактар да бар. Бурчта эки жана үч дөңгөлөктүү велосипедтер турат. Карачы, тим эле көзүң күйөт. Биринен бири өтөт, чынбы?! Актан эмнени тандаарын билбей калды. Ай-ий, кассанын жанында бугу олтурат. А, ал чоң бугу эмес экен. Ал бугунун баласы — чаарчык. Бою так Актандыкындай. Териси жуп-жумшак, колуң менен сылагың келет. Чаарчык Актанды карап күлүп турду. Мына кызык, ал тилин чыгарып, анан бир маалда көзүн да ирмеп койду.

Актан чочуп кетти: “Чын элеби же көзүмө көрүнүп кеттиби?”-деп ойлоду.

Чаарчык кайрадан көзүн ирмеди:

  • Кандайсың? Саламатсыңбы?!
  • Ссса-лаа-мат-чылык, – деп шыбырады, Актан. Буга чейин ал эч качан сүйлөгөн оюнчук чаарчыкты көрө элек болчу. Апасы экөө көргөн чоң бугулардын да сүйлөгөнүн көргөн эмес. Болгону зоопаркка барганда маараганын эле угуптур. Аң-таң болгон Актан эсине келип:

— Бугулар эмне сүйлөгөндү билеби? – деп сурады.

  • Албетте! Бирок аларды эч ким түшүнбөйт, анан укпайт. Менин атым  Эрдене!
  • А мен Актанмын!
  • Билем. Бүгүн сенин Туулган күнүң. Сен апаң менен торт тандаганы келгенсиң. Туурабы?
  • Туура! А сен аны кайдан билип алдың?
  • Мен көөөп нерсени билем, — чаарчык балбылдаган көзүн да бир ирет ирмеп, – Мени менен достошосуңбу? – деп сурады, Актандан.

Актан эч бир ойлонуп койбостон, макул болду. Себеби күндө эле досторду таба албайсың. Болгондо да сыйкырдуу, сүйлөгөндү билген чаарчыктай досторду. Аңгыча алардын жанына Мирлан байке келди. Актан ага туулган күнүнө ушул чаарчыкты аларын билгизди.

  • Актанчик, өзүңө белек тандадыңбы? Эмнени? Мына бул роботтубу же жеңил конструктордубу? – деп сурады, Мирлан байке.
  • Жоок. Мага мына бул сүйлөгөн чаарчык жакты!
  • Сүйлөгөн? Ии, кана айтчы, ал сага эмне деп айтты? – деди, Мирлан байке таң калып.
  • Менин атым Эрдене, мен сен менен достошкум келет, деди.
  • Оюңдан чыгарбачы, Актан, — деп, апасы шашып калды.- Оюнчуктар сүйлөбөйт. Тезирээк болчу, уулум, азыр атабыз да келип калат.

Актан унчукпады. Себеби, кээде чоңдор көп нерсени түшүнө бербейт, жада калса, көп нерселерге ишенбейт да. Алар ошон үчүн ата-эне да.

Актан кубанып баратты. Сонун болбодубу?! Биз апам экөөбүз торт тандаганы барып, Мирлан байкеге кезиккенибиз…! Апам болсо кабатыр болуп жатат. Мирлан байке оюнчуктун акчасын төлөгөндө башын чайкап турду жактырбай.

Ошентип, Эрдене-чаарчык Актандын алтынчы туулган күнүндө, белек катары келип, үйгө кирди. Жөнөкөй бала сыйкырдуу Чаарчык  менен бат эле достошуп кетти. Ар түнү Актан Чаарчыкты жанына алып жатчу. Ар түнү Эрдене Актанга өзүнүн укмуштуу жомокторунан айтып берчү.

1 Звезда2 Звезды3 Звезды4 Звезды5 Звезд (12 оценок, среднее: 1,58 из 5)

Загрузка...